Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Билл Гейтс кайрадан дүйнөнүн эң байы деп таанылды


Билл Гейтс.
Билл Гейтс.

Мындай тыянакка америкалык “Форбс” журналы келди. Журналдын эсебинде, Гейтстин байлыгы акыркы бир жыл ичинде дагы үч миллиард долларга көбөйүп, 79 миллиард долларга жеткен. Муну менен Гейтс мексикалык ишкер Карлос Слимди басып өттү.

“Форбс” журналынын эсебинде, дүйнөдө азыр 1826 миллиардер бар. Былтыр алардын саны 181ге көбөйдү.

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын 15и Кошмо Штаттарда жашайт. Миллиардерлердин 46сы 40 жаштан төмөнкү куракта. Миллиардерлердин былтыркы тизмесинен 138 адам чыккан. Алардын арасында Украинанын президенти Петро Порошенко да бар.

Ал эми эң байлардын тизмесинде буга чейинки орду ылдыйлагандар арасында орусиялык ишкер Владимир Потанинди, украиналык ишкер Ринат Ахметовду, Грузиянын мурдагы премьери Бидзина Иванишвилини көрүүгө болот. (UE)

XS
SM
MD
LG