Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Кыргыз-казак дуэти АКШда концерт коёт


Клара Фрей-Чотоева.
Клара Фрей-Чотоева.

Үй-бүлөлүк дуэт катары таанылган фортепианочулар Клара Фрей-Чотоева менен Темиржан Ержанов АКШда концерт коюшат. 8-мартка белгиленген маданий иш-чара Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарында болмокчу. Концертте белгилүү композиторлордун чыгармалары тартууланат.

Үй-бүлөлүк дуэт концерттен түшкөн каражат Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке берилерин "Азаттыкка" билдиришти.

Клара Фрей-Чотоева Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Ал буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө, Орусияда концерт койгон. Музыкалык билимин Кыргызстанда, Орусияда жана Швейцарияда өркүндөткөн. Учурда эл аралык деңгээлдеги фортепианочу.

Жолдошу Темиржан Ержанов Казакстандын жараны. Ал дагы Батыш мамлекеттеринде ондогон концерт уюштуруп, таанылган. (SE)

XS
SM
MD
LG