“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аялдарга арналган улуттук форумда сүйлөп жатып, мамлекеттик кызматтарда эркектерди 70 пайыздан ашырбай чектөө керектигин айтты. Анын айтымында, бийликте аял-эркектин ордун тең салмактаган жаңы система керек.
- Бизде аял-эркектин тең укуктуулугу Европадагыдай болбошу мүмкүн. Бирок аялдардын бийликке келишине шарт түзүшүбүз керек. Кудай буюрса бул күндөр да алыс эмес, - деди Текебаев.
Кечээ башталган аялдардын улуттук форуму бүгүн жыйынтыкталып жатат. Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар, ошондой эле жети облустан келген миңден ашык аял катышып жатат. Иш-чараны “Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду уюштуруп жатат. (KE/UEz)