Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепте 7-класста окуган Б.М. аттуу окуучу өз үйүнүн чатырында муунуп өлгөн. Бул тууралуу райондук милициядан маалымдашты. Асынып өлгөн өспүрүм өгөй апасы менен жашачу, окуя болгон күнү аны атасы урушуп койгон.
Милициянын маалыматында, мындан бир ай мурда маркумдун бир тууган эжеси да Бишкекте муунуп өлгөнү аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя 25-февралда катталган. (MiK)