Бишкектин Тез жардам станциясынын эки кызматкери үч айлык наристени сатууга аракет кылган деп шектелип жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын башкы врачы Жаркынбек Касымбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шектелип жаткан врач-педиатрдын жана медайымдын жакындары алардын милиция тарабынан убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлашкан.
Касымбеков бул экөө тең эле жакшы иштеген кызматкер экенин жана буга ишене албай турганын кошумчалады.
Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев шектүүлөрдүн кармалганын тастыктаган жок. Милицияга ымыркайдын сатылышы боюнча оперативдүү маалымат түшкөн, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. (UEz)