Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Нетаньяху АКШ Конгрессинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча сөз сүйлөйт


АКШ президенти Барак Обама Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишилсе, бул өлкө кеминде он жылга ядролук ишмердик жүргүзүүгө мораторий киргизиши керек экенин билдирди. Бул тууралуу Обама 2-мартта Reuters агенттигине маегинде билдирди. Анын айтымында, бул келишимди иштеп чыгууга тоскоол факторлор арбын болууда.

АКШ баштаган дүйнөдөгү алты ири өлкө Иран менен өзөктүк программа менен келишимге жетүү үчүн сүйлөшүү өткөрүп жатат. Ага ылайык, Иран талаштуу өзөктүк программасын көзөмөл астында чектөөгө макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жоюшу керек.

Бирок Израил бул келишимге каршылыгын билдирип келет. Бул өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяху бүгүн АКШ Конгрессинде сөз сүйлөп, келишимге каршы пикирин билдирет. Нетаньяхунун сөзү боюнча, келишим кабыл алынса Израилдин коопсуздугуна коркунуч жаралат.

Бирок Барак Обама Израил лидеринин мындай позициясына макул эмес. “Иран өзөктүк программасынын көптөгөн элементтеринен баш тартканын көрдүк” деген АКШ президенти бул келишимди колдоорун билдирди.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишимге 30-июнга чейин жетишүү мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG