Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Бүтүрүүчүлөргө тесттин босого упайы 110 деп белгиленди


Сынак тапшыруу. Ош технологиялык университи. 2013-жыл.
Сынак тапшыруу. Ош технологиялык университи. 2013-жыл.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан мектеп бүтүрүүчүлөрү окуу жайга документ тапшыруу укугуна ээ болуу үчүн негизги суроо-жооптон милдеттүү түрдө 110 упай алышы керек.

Предметтик тесттен 60 упай топтоо шарт. Мурдагыдай бюджеттик, келишимдик жана сырткы бөлүмдөргө өз-өзүнчө упай ченөө алып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Буга чейин бюджеттик бөлүмгө документ тапшыруу үчүн 110, келишимдик окууга 105, сырткы бөлүмгө 95 упай топтоо керек болчу.

Быйыл окуучулардан тест алуу 18-майдан 23-майга чейин эки баскычта өтөт. Жетиштүү упай топтогондор окуу жайга документ тапшырып, кирүү сынагына катышат.

Жалпы тестирлөө өнөктүгү 14 жылдан бери өткөрүлүп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG