Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

АКШ генералы: Укрaинaнын чыгышында 12 000ге жакын орус аскери бар


Бен Ходжес.
Бен Ходжес.

Украинанын чыгышында 12 000ге жакын орус аскери жикчилдерге көмөктөшүп жатат. Бул тууралуу 3-мартта Берлинде АКШ армиясынын Европа боюнча командачысы генерал Бен Хожес билдирди. Анын айтымында, орус күчтөрүнүн арасында аскердик кеңешчилер, аскерий техника сырларын жакшы билгендер бар.

Өткөн жылы аннексияланган Крым жарым аралында 29 000 орус аскери жайгаштырылганы айтылууда.

Хожес билдиргендей, Украинага тыңчылык жабдуулары, соккуларга жооп кайтаруу боюнча жана орус танктарын токтото ала турган куралдар керек.

Бен Хожес азырынча Ак үй Украинага курал жиберүү чечимин кабыл ала электигин, кризисти дипломатиялык жол менен аракет кылып жатканын белгиледи.

Орусия азырынча генералдын айтканына комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG