УКМКнын Оштогу башкы башкармалыгы Ош мэриясындагы коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош мэриясынын автотранспорт ишканасынын кызматкерлери 2012-2013-жылдары өткөрүлгөн тендерлерде 1 млн. 334 миң сомду өөнөп калган. Текшерүү учурунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча актылар жасалма экени аныкталган.
Учурда мэриянын бул ишке тиешелүү кызматкерлерине ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, кызматтык жасалмалуулук беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жатат. (UEz)