Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Ошурахунова: Өкмөт шайлоочулардын укугун бузуп жатат


Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Өкмөттүн биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар шайлоого катышпайт деген билдирүүсү Баш мыйзамга каршы келет. Мындай билдирүүнү “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы таратты. Уюм жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, жарандардын биометрикалык маалымат тапшыруусу шайлоону таза өткөрүүгө жана добуштарды туура саноого гана багытталышы керек. Өкмөттүн биомаалымат тапшырбагандарды шайлоого катыштырбоо аракети алардын конституциялык шайлоо укугун одоно бузгандык болуп саналат.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2-мартта биометрикалык маалымат тапшырбагандар шайлоодо добуш бере албай тургандай мыйзам долбоору даярдалып жатканын айткан.

Азыркы учурда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр кире элек. Өкмөт бир жаран – бир добуш принциби боюнча таза шайлоону камсыз кылуу максатында биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатканын айтып келет. Жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өлкө аймактарында өткөн жылы 20-октябрдан тарта башталган. (UEz)

XS
SM
MD
LG