Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш депутаттарынын ашыкча чыгымдарын кыскартууну талап кылган маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Алар эл өкүлдөрүнүн айлыктарын азайтууну, кызматтык унаадан жана депутаттык үйдөн баш тартууну сунуштоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” демилгечилердин бири, журналист Азамат Тынаев билдирди.
Жакында эле “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнө депутаттардын чыгымдары боюнча “Депутат “багуу” оңой эмес” деген атайын иликтөө даярдалган. Анда парламентке жыл сайын эл эсебинен 800 млн. сом сарпталары жана депутаттар кеткен чыгымдарды актабай жатканы айтылган. Бул берүү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, парламент төрагасы өзү реакция жасап, кемчиликтер көп экенин мойнуна алган. (UEz)