2015-жылдын 4-мартынан 5-мартына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150 чакырымдары), Каракол-Эңгилчек (45-90 чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт (284-295 км, 300-308 км, 353-355 чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу), Миң-Куш-Арал (1-19 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...3, күндүз 10...15;
Талас жергесинде түнкүсүн - 4...1, күндүз 9...14;
Баткен облусунда түнкүсүн - 2...3, күндүз 9...14;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...1.
5-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болот.