Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Сноуден мекенине кайтышы мүмкүн


Эдвард Сноудендин адвокаты билдиргендей, акыйкат сот болоруна кепилдик берилсе, АКШнын мурдагы чалгын өкүлү мекенине кайтууга даяр.

Анатолий Кучерена бул маселеде америкалык жана немис адвокаттары менен кеңешип иш алып барып жаткандыгын кошумчалады. Кремл менен алакасы бар Кучерена 3-мартта өз кардары тууралуу жазган китебинин бет ачаарында сүйлөдү.

АКШ өкмөтүнүн көзөмөл программасы тууралуу маалыматтарды жарыялап салган Сноуденге Москва 2013-жылы баш калканч берген эле. Москванын аны АКШга өткөрүп берүү талабын улам кайра четке кагышы эки өлкөнүн ансыз да солгун мамилесин огобетер курчуткан. Сноуденди айрымдар коом үчүн маанилүү маалыматты ачыкка чыгарды деп макташса, башкалар аны чыккынчы деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG