Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Депутат фамилияга “тегин” деген сөздү кошууну сунуштады


“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев кыргыз жарандарынын фамилиясына тегин деген сөздү кошууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

Эл өкүлүнүн сунушу боюнча ов, ова менен бүткөн фамилияларга тегин деген сөз кошулушу керек. Маселен, демилгечинин аты-жөнү Мадалиев Нуркамил Апишович, эгер мыйзам кабыл алынып калса Мадалы тегин Нуркамил Апиш уулу болуп өзгөрөт. Тегин деген сөз кыздарда да сакталат, болгону уулу кызы болуп алмашат.

Нуркамил Мадалиев бул сунуштун максаты кыргыз улуттук фамилиясын жаратуу деп эсептейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG