Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

“Супер-инфо” Олжобай Шакирден кечирим сурады


"Супер-инфо" гезитинин башкы бети.
"Супер-инфо" гезитинин башкы бети.

Акын жана жазуучу Олжобай Шакирдин “Тилек” аттуу аңгемесинин айрым үзүндүлөрүн гезитке басып чыгарганы үчүн “Супер-инфо” гезити автордон кечирим сурайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын жетекчиси Шаиста Шатманова билдирди. Анын айтымында, гезитке Асия Алиева аттуу айымдын “Үч курбу” деген чыгармасы сандан-санга басылган:

- Бул боюнча Олжобай Шакир нааразылыгын билдиргенден соң, Алиевадан түшүндүрмө сурадык. Ал эпизоддорду уруксатсыз пайдаланганын билдирди. Бул ишине өкүнүп жатканын айтты. Мындан ары автордук укукту бузбоого убада берди. Анын бул иши биз үчүн да жагымсыз болду. Чыгарма уурдалганбы же жокпу, текшерип чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Бул чүн Олжобай Шакирден кечирим сурайбыз,- дейт Шатманова.

Олжобай Шакир “Супер-инфо” гезитине кечирим суроо үчүн 6-мартка чейин убакыт берген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG