Дарыгер операциядан кийин өзүнө келбей каза тапкан келиндин окуясына байланыштуу сурак берет. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бир жарым ай мурун жергиликтүү 26 жаштагы тургун төрөтканада гинекологиялык операциядан кийин өзүнө келбей, 43 күн эс-учун жоготуп жатып көз жумган. Маалыматка караганда, аны операция жасалары менен жандантуу бөлүмүнө эмес, палатага жаткырышкан. Дарыгер оорулууга операция жасап эле үйгө кетип калганы айтылууда. Ага “милдетин талапка ылайык аткарган эмес” деген айып менен кылмыш иши козголгон. (YI)