Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Көкбөрү боюнча Таластын өтмө кубогун Жерге-Тал утту


Таластагы көкбөрү оюнунун катышуучулары
Таластагы көкбөрү оюнунун катышуучулары

Көкбөрү боюнча Талас районунун алгачкы өтмө кубогуна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн көкбөрүчүлөрү ээ болду. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 4-мартта Таластын "Манас Ордо" комплексиндеги ат майданда өттү.

Италиядан алып келинген баасы 50 миң сомдук кубокту Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Байгазы Кенжебаев чемпион командага тапшырды.

Жерге-Тал командасынын оюнчулары буга чейин болгон 12 оюнда алты жолу жеңишке жетип, 91 упай менен алдыга чыгышкан. Талас районунун өтмө кубогу үчүн 2015-жылдагы оюндар 2014-жылдын декабрь айында башталып, 13 команда ар жуманын шаршемби күндөрү ойноп келишкен. Ар бир турнирде командалар ээлеген орундарына жараша упай топтошкон.

Жума сайын болгон оюндарды катышуучу командалардын айыл өкмөттөрү кезеги менен өткөрүп, ар бир турнирдин байге фонду 120 миң сомду түзгөн. 4-мартта болгон жыйынтыктоочу турнирде 1-орунду Калба, 2-орунду Нуржанов, 3-орунду Кара-Суу командалары ээлешти.

Мелдештин байге фонду 220 миң сомду түзүп, акча командалардын ээлеген орундарына жараша бөлүнүп берилди. Андан сырткары катышуучу ар бий айыл өкмөтүнүн китепканаларына Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугу, спорт энциклопедиялары белекке тапшырылды. (ECh)

XS
SM
MD
LG