Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Спикер Ак калпак күнү менен куттуктады


Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынын ачып жатып төрага Асылбек Жээнбеков жамы журтка Ак калпак күнүнө карата куттук айтты: "Бардыгыңыздарды Ак калпак күнү менен куттуктайм. Кудай буюрса, кыргыз эли, кыргызстандыктар Кудай сүйгөн элбиз. Ата-бабаларыбыз 100 жылдап, миң жылдап дайыма эгемендүүлүктү эңсеп, жанын аябай канын төгүп, мамлекеттүү бололук, кыргыздын туусу желбиреп турсун, кыргыз ак калпагы башынан түшпөсүн деп өмүрүн арнап келген. Дүйнө жүзүндө аз эле эл бар, мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыкка чейин майрамдаган. Кыргыздын желеги дайыма желбиреп турсун. Туубуз бийик болсун, ак калпагыбыз башыбыздан түшпөсүн, бардыгыбыз мамлекетибиз менен, Кыргыз Республикасы менен сыймыктанабыз!", - деди төрага.

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү. Акыркы жылдары бул күнү кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү салтка айлантууда. 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, ал коомчулуктун колдоосуна алынган.

XS
SM
MD
LG