Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Царнаев Бостондогу жардыруу боюнча күнөөсүн мойнуна алды


Бир тууган Царнаевдер жардыруу учурунда, Бостон, 15-апрель, 2013.
Бир тууган Царнаевдер жардыруу учурунда, Бостон, 15-апрель, 2013.

Бостон марафонундагы үч адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн айыпталып жаткан Жохар Царнаев тагылган айыпты мойнуна алды. 4-мартта башталган сот жараянында Царнаевдин адвокаты Жуди Кларк марафон өтчү жерге жардыргыч зарттарды Жохар алып келгенин билдирди. Адвокаттын айтымында, 21 жаштагы Жохар агасы Тамерландын тилине кирип, ушундай кадамга барган. Тамерлан Царнаев окуядан үч күндөн соң кармоо учурунда каза тапкан эле.

АКШ прокуратурасы Царнаевге өлүм жазасын берүүнү сураган эле. Бирок күнөөнү мойнуна алганы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынбай, абакка кесилиши мүмкүн.

Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Окуяда үч адам мерт кетип, 250 адам жараат алган.

Кыргызстанда туулуп өскөн Царнаевдерге жардырууну уюштурууга жардам берген деп эки казакстандык жана бир кыргызстандык жаран да камакка алынган.

XS
SM
MD
LG