Ооганстанда Борбор Азия жана Кыргызстандан барган адамдардан түзүлгөн жети террордук уюм иш алып барат. Бул тууралуу “Аскерий-техникалык кызматташтык - мамлекеттин коопсуздугунун негизи” деп аталган талкууда айтылды.
Заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Никита Мендковичтин айтымында, түндүк провинцияларда "Өзбекстан Ислам кыймылы", "Ислам жихадчылар бирдиги", "Жунд ал-Халифат", "Имарат Кавказ", "Жамаат Булгар", "Жумдала" жана "Ансар ал-Асир" өңдүү террордук уюмдар иш алып барат. Алар жергиликтүү жаштарды өз катарына тартууга аракет жасап келишет.
Эксперт өкмөттүк күчтөр ири шаарларда жана жолдордо коопсуздукту көзөмөлдөгөнү менен, провинциялар толугу менен согушкерлердин колунда кала берүүдө. (ZMa)