Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

"Алыш" федерациясын Беларус жараны убактылуу жетектеп турат


Эл аралык "Алыш" федерациясын Эркин күрөш боюнча Олимп оюндарынын чемпиону, беларус жараны Александр Медведь убактылуу жетектей турган болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында парламент депутаты, Азиянын алыш федерациясынын мурдагы жетекчиси Чолпон Султанбекова билдирди.

Султанбекова федерация ушул жылы декабрда Санкт-Петербургда конференция өткөрөрүн, ошондо жаңы жетекчи шайланарын кабарлады. Учурда бул орунга Бириккен Араб Эмираттарынан, Ирандан, Түркмөнстандан жана Европа өлкөлөрүнөн бир нече киши талапкерлигин коюп жатат.

Эл аралык "Алыш" федерациясын жетектеп келген Алманбет Анапияев 18-февралда Беларустун борбору Минск шаарында өлтүрүлгөн. Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган эле. (ZMa)

XS
SM
MD
LG