Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Жалал-Абадда кызамыкка кабылгандар 400гө чамалады


Жалал-Абад облусунда эки ай ичинде кызамык илдетине чалдыккан деген шек менен 400гө чукул адам каттоого алынды. Бул тууралуу облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Алия Арыкбаева билдирди. Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилери Бишкек шаарында окуган студенттер кышкы эс алууда айылга келгенде сезиле баштаган. Алардын басымдуу бөлүгү Сузак районунун тургундары.

Кызамыкка каршы эмдөө облус аймагында апрель айында башталары айтылууда. Өткөн жылы облуста эмдөөдөн 962 жаран баш тарткандыгы аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG