Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Савченко ачкачылыкты жарым-жартылай токтотту


Камактагы учкуч Надежда Савченко
Камактагы учкуч Надежда Савченко

Орусияда камакта 83 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан украиналык учкуч Надежда Савченко тоок шорпосун иче баштады.

Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин Твиттерге жазды. Адвокат буга далил катары Савченконун катын да жарыялады. Анда учкуч бир аз шорпону “жашоо жана учуу үчүн” ичерин жазган.

Савченко кат аркылуу аны колдогондорго ыраазылык билдирип, күрөштү уланта турганын, ал эми күрөшүү үчүн күчтүү болушу керектигин белгилеген.

Ал жикчилер көзөмөлдөгөн Луганск облусундагы орусиялык эки журналисттин өлүмү үчүн айыпталып жатат. Савченко болсо өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен аны жикчилер кармап, Орусияга жөнөткөнүн айтууда.

XS
SM
MD
LG