Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Дин кызматкерлерине бир айлык ишембилик жарыяланды


Максатбек ажы Токтомушев, муфтий.
Максатбек ажы Токтомушев, муфтий.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 6-марттан 15-апрелге чейин дин кызматкерлери үчүн ишембилик жарыялады. Өнөктүк “Алла Таала таза зат, тазалыкты жакшы көрөт” деген хадиске ылайык, жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө динчилдерди тартуу максатында жарыяланганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта Муфтияттын, казыяттардын кызматкерлери, райондук баш имам хатибдер, айылдык имамдар жана диний окуу жайлардын студенттери менен окутуучулары ѳз аймагындагы мечиттерди, диний билим берүүчү мекемелерди, карыялар жана балдар үйлөрүн тазалап, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG