Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын Овчи-Калача айылына мыйзам бузуп кирген эмес. Алар кызматтык милдетин гана аткарып, талаштуу аймакка күзөткө чыккан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Эки күн мурун тажикстандык маалымат булактары Овчи-Калача айылында кыргыз аскерлери курал көтөрүп жүргөнү тартылган тасманы жарыялап, кыргыз тарапты эл аралык нормаларды бузуп жатканын жазган болчу.
- Биздин жоокерлер эч кандай мыйзам бузган эмес. Алар тажик тарап менен мурда макулдашылган күзөт маршруту боюнча өз милдетин аткарып жүрүшкөн. Овчи-Калача айылы Кыргызстандын Максат айылы менен чектешет. Эки айыл ортосундагы чектеш аймак азырынча тактала элек. Ошондуктан, эки тараптуу макулдашуунун негизинде чек арачылар ал жерлерди кайтарышат. Күзөт маршруту кыргыз-тажик аскерлери тарабынан алдын ала белгиленет,- деди Бөрүбаева.
Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагынын узундугу 970 чакырымдан ашат жана анын теңинен көбү тактала элек. Учурда Дүйшөмбү шаарында чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык кезектеги сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал 7-мартка чейин уланат. (SE)