Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Стамбулда тажик оппозиционерин атып кетишти


Умарали Куватов
Умарали Куватов

Түркиянын Стамбул шаарында тажикстандык оппозициялык саясатчы Умарали Куватовду белгисиз адам атып кетти. Мындай маалыматты түрк коопсуздук күчтөрү тастыктады. Маалыматка ылайык, Стамбулдун Фатих районунда Куватов тамактанып кафеден чыгып келатканда белгисиз адам башка аткан. Учурда бул кылмышты Стамбул полициясы иликтеп жатат.

Куватовдун пикирлештеринин бири Шарофиддин Гадоев “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлагандай, буга чейин да саясатчынын уулантуу аракети болгон.

Буга чейин тажик бийликтери Куватов негиздеген “Группа 24” тобунун ишмердигине тыюу салган. Ал өткөн жылы Түркияда кармалып, кайра бошотулган.

Умарали Куватов бир кезде президент Рахмондун үй-бүлөсү менен ысык ымалада жүргөн. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG