Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим түзүлөт


кыргыз-тажик вице-премьерлери Мурадоли Алимардон менен Абдрахман Маматалиев.
кыргыз-тажик вице-премьерлери Мурадоли Алимардон менен Абдрахман Маматалиев.

Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Ал учурда Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан эки өлкөнүн чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышып жатат. Анын айтымында, тараптар сүйлөшүү жыйынтыгында бир ай ичинде эки өлкөнүн чек араларын тактоо боюнча келишим долбоорун даярдоону макулдашты.

Жакында кыргыз өкмөтүнүн адистери Москвага барып, чек арага тиешелүү архивдик материалдарды алып келишкен. Чек араны тактоо боюнча эки өлкө ортосунда түзүлгөн жумушчу топ 8-мартка чейин архивдик материалдарды такташат.

Буга чейин эки өлкө эки башка картаны сунуштап келген. Чектеш аймактардын жалпы узундугу 970 чакырымдан ашат жана теңинен көбү тактала элек. Анын айынан чек арада түрдүү жаңжалдар тез-тез болуп турат.(UEz)

XS
SM
MD
LG