"Электр станциялары" ачык акционердик коому Токтогул ГЭСиндеги Т-2 блоктук трансформаторун оңдоого киришти. Аталган АКдан учурда ГЭСке трансформаторду даярдаган ишкананын - Украинанын Запорожец автотрансформатордук заводунун инженерлери келишкеин маалымдашты. Алар менен бирге "Электр станцияларынын" кызматкерлери Т-2 блоктук трансформаторун ачып, ондоого киришти.
Баардык иштер даярдоочу завод менен макулдашылган технологиялык программа боюнча жүргүзүлүүдө. Оңдолуп жаткан трансформатор 1974-жылдан бери иштетилип келе жатат. Оңдоо иштерине 780 миң доллар чыгымдалып, аны толугу менен "Электр станциялары" каржылайт.
Былтыр 23-ноябрда Токтогул ГЭСинде авариялык система иштеп кетип, ошондон улам блоктук трансформатор бузулган эле.