Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Бордюжа: Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ЖККУ көзөмөлүнө алынышы ыктымал


Николай Бордюжа
Николай Бордюжа

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бүгүн кыргызстандык журналисттер менен Москвада жолугушту. Ал суроолорго жооп берип жатып Кыргызстанда чет өлкөлөр тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар көптүгүн, алардын коомдук-саясый абалды өзгөртүүдө таасири күч экенин белгиледи. Ал эгер аталган уюмдар өлкөгө коркунуч келтире турган болсо ЖККУ тарабынан көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

ЖККУ аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.(LzT)

XS
SM
MD
LG