Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

ФИФА жетекчиси Иран бийликтерин сынга алды


Футболдун эл аралык федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер Иран бийликтеринин аялдардын футболдук беттештерге катышуусун тыюу салган чечимин сындап чыкты. Ал бул чечимди “чыдоого болбой турган” деп атап, жокко чыгарууга чакырды.

Блаттердин айтымында, бул маселени өткөн жылы Ирандын президенти Хасан Роуханиге койгон, бирок андан бери “эч нерсе өзгөргөн жок”.

Футбол боюнча дүйнөлүк уюмдун жетекчиси 2013-жылы Иранга барганда жарандардын бул оюнга кызыгуусу абдан чоң экенин байкаганын, бирок аялдар мындай мүмкүнчүлүктөн куру калганын кошумчалады.

Иран бийликтери миңдеген кызуу кандуу күйөрмандар көргөн футбол беттештерине аялдардын барышы коопсуздук үчүн коркунучтуу деген жүйөнү карманып келишет. Ошондой эле аялдарга волейбол беттештерине барууга да тыюу салынган.

Иран 2019-жылкы футбол боюнча Азия чемпиондугун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөткөн. Бирок аялдарга карата чектөө Иранды чемпиондугунун кожоюуну болушуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG