Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Аялдар абагында 8-март майрамы белгиленүүдө


Степное айылындагы аялдар абагы
Степное айылындагы аялдар абагы

Степное айылындагы №2 аялдар абагында 8-март - Аялдардын майрамына карата концерт өтүп жатат. Ага абакта отурган кыз-келиндер да, атайын чакырылган ырчылар да катышууда.

Бүгүн аялдар абагында сыйынуу үйүнүн, машыгуу залынын жана телефон бөлүмүнүн ачылышы болду. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев жакында намазкана да ачылары пландаштырылып жатканын айтты.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аялдар аралашкан кылмыштардын саны жыл сайын 100-200гө чейин көбөйүүдө. 2010-жылы 1612 кыз-келин кылмыш кылса, 2013-жылы алардын саны 2148ге жеткен.

Ушу тапта Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында 400дүн тегерегинде кыз-келин жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алардын басымдуу бөлүгү шылуунчулук, алдамчылык үчүн отурушат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG