Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:22

Акыркы жылдары Кыргызстанда ала качуу фактысы бир кыйла азайып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Филадельфия университетинин профессору, Кыргызстанда кыз ала качууну изилдеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах билдирди. Анын айтымында, жаштардын көбү ала качуу кылмыш экенин, кызды турмуш курууга мажбурлоо анын тандоо эркиндигин чектерин түшүнүп калышты.

"Кыздар өздөрү да "мени ала качса, ал жерде калбайм" деп айтып калышты. Бул биз үчүн чон жетишкендик. Биз жыл бою жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүп, "ушул жылы таанышыңды, же жакыныңды ала качкан жок беле?" деп сурайбыз. Бир студент жакында эле аны эки жолу ала качышканын, бирок ал жерде калбай кетип калганын айтып берди", - деди Клейнбах.

Кыргызстанда 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, кыз ала качкандар 7-10 жыл жоопкерчиликке тартылышы керек. Укук коргоочулар бул мыйзам иштебей жатканын айтып, сот, тартип коргоо органдарынын кайдыгер мамилесин сынга алып келишет. (ZMa)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG