Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Баткенде көчөт базары кайрадан иштей баштады


Өткөн жылдын апрель айынан бери иштебей турган көчөт базары бүгүн кайрадан ачылды. Жыл сайын бул базарда соода март айында башталып, эки ай бою кызуу жүрөт.

Баткен облусунда базарга негизинен өрүк көчөттөрү чыгарылып, даанасы 20 сомдон 60 сомго чейин бааланууда. Бир даана алма көчөтү 50 сомдон 120 сомго чейин, кокон гилас 100-220 сомго, шабдалы 20-35 сомго, курма 100-150 сомго сатылууда.

Баткен облус аймагында өрүк бактардын аянты 10 миң гектарга жетет. (JsA)

XS
SM
MD
LG