Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Федерация кеңеши патенттин мөөнөтүн узартууга макул


Орусиянын Федерация кеңеши өткөн жылы берилген патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул болду. Бул тууралуу Москва шаарынын экономикалык саясаты жана өнүгүүсү департаментинин жетекчиси Максим Решетников билдирди.

“Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө өлкө башчысы макул болгондон кийин Москванын мэри Федералдык миграциялык кызматтын башкармалыгына 2014-жылы берилген патенттин мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылат”, - деп кошумчалайт Максим Решетников.

Мөөнөтү узартылган патенттер үчүн бул жылы коюлган аванстык төлөм талап кылынат. Учурда Москвада патенттин бир айлык акысы - 4 миң рубл.

Өткөн жылы Москвада физикалык жарандарда иштөөгө эмгек мигранттарына 800 миңге жакын патент берилген. (LzT)

XS
SM
MD
LG