Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Министр Базарбаев Жусуп Абдрахмановдун кызын куттуктады


Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманованы Аялдардын майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ленина Абдрахманова атасы 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешин оор жылдары жетектегенин белгиледи.

"30-жылдары атам нан боюнча Москванын планын аткаруудан баш тарткан. Мындан улам бизде Казакстандагыдай ачарчылык болгон эмес. Миңдеген адамдар Украина, Казакстандан бизге келип, аман калышкан. Бул үчүн аны кызматтан алып, ал атууга кеткен" деди Абдрахманова.

Ленина Абдраханова Кудайберген Базарбаевге атасынын күндөлүгүн жана башка тарыхый документтерди көрсөттү. Базарбаев Ленина Абдрахмановага белектерди тапшырды.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынган. 1938-жылдын 5-ноябрында "Революцияга каршы, улутчул, Троцкийдин идеясын колдоочу" деген жалган жалаа менен атылган. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан акталган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG