Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү 10-мартта караганы жатат. Келдибековдун адвокаты 3-мартта ал Социалдык фонддун төрагасы болуп иштеп турганда коррупцияга жол берген деген кылмыш ишти мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.
Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. Былтыр августта соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кетип, 10-февралда Кыргызстанга кайтып келген. (КЕ)