Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Бишкекте гүлдөр эки эсе кымбаттады


"Азаттыктын" окурмандары кабарлагандай, бүгүн Бишкекте гүлдөрдүн баасы эки эсеге кымбаттады. Буга чейин 100 сом турган гүлдөр 200 сомдон, 200 сом турган гүлдөр 400-450 сомдон сатылууда.

"Учурда роза гүлүнүн бир даанасы 150-180 сомдон сатылып жатат. Бирок буга карабастан гүл сатып алууну каалаган эркектер кезекте турат", - деп кабарлады "Азаттыктын" окурманы.

Жыл сайын 8-март күнү гүлдөр дүкөнүндө кымгуут байкалып, күнөсканаларда өстүрүлгөн жана чет өлкөлөрдөн алып келинген гүлдөрдүн баасы кымбаттаганы байкалат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG