Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Бишкекте айына 2 тонна био-таштанды көмүлүүдө


Бишкек мэриясына караштуу Ритуалдык кызматтар агенттигинин директору Болот Карамуратов “Азаттыкка” ай сайын 2 тоннадай био-калдык Чоң-Арык айылынын башындагы көрүстөнгө көмүлүп жатканын кабарлады.

Бойдон алдыргандан кийин, операция учурунда кесилген кол, кулак, бут, ичеги-карын сыяктуу адамдын органдарын өрттөө үчүн Бишкекте же өлкөдө атайын крематорий куруу каралган эмес. Ушундан улам Ритуалдык кызматтын өкүлдөрү мындай калдыктарды жалпы көрүстөнгө көмүүгө мажбур.

“Мындай кырдаал шаардын санитардык, гигиеналык жана экологиялык абалына терс таасир этет. Себеби жамгыр, кар менен кошо жердин алдынан чыккан сууга калдыктардын зыяндуу заттары кошулуп шаарга агылып келүүдө”, - дейт Карамуратов.

Крематорий куруу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнү менен азырынча чечилбей келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG