Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52

Рак оорулуу балдарды колдогон жармаңкеде 300 миң сом чогулду


7-мартта баш калаадагы “Бишкек-Парк” соода борборунда “Жардамдашуу оңой” фондунун демилгеси менен рак оорулуу балдарды колдоо максатында үчүнчү жармаңке өттү. Бул иш-чарага “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду да көмөктөштү.

Уюштуруучу Динара Аляева рак оорулуу балдарды колдоо максатында 2014-жылдын сентябрь, декабрь айында эки жолу жармаңке болгонун “Азаттыкка” билдирди.

Бул иш-чаралар маалында 300 миң сомдон ашуун каражат чогулуп, Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө жаткан наристелерге керектүү дары-дармектерди алууга сарпталган. Азыр аталган бөлүмдө 48 бала дарыланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG