"Боко Харам" экстремисттик тобу "Ислам мамлекети" радикал кыймылына кошулганын жар салды. Араб тилинде жазылып, англис тилиндеги субтитрлер менен коштолгон кайрылууну Твиттер аркылуу "Боко Харамдын" лидери Абубакар Шекау таратты.
Кайрылууда "Боко Харам" "Ислам мамлекетине" толугу менен баш ийе турганы айтылат.
"Боко Харамдын" бул билдирүүсү кечээ аталган террордук топ Нигериянын Майдугури шаарында төрт жардыруу уюштургандан кийин чыкты. Ошол кол салуулардан бери дегенде 54 киши мерт кетип, дагы 140 адам жараат алды. Жардыруулар төрт сааттын ичинде биринин артынан бири шаардын киши көп жүргөн аймактарында болгон. (ZMa)