Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Надежда Савченконун энеси Ангела Меркелге кайрылды


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Украиналык жоокер Надежда Савченконун энеси Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, кызын Орусиянын тергөө абагынан бошотууга жардам берүүнү суранды. Мария Савченконун билдирүүсүн кечээ немис гезити басып чыгарды.

Надежда Савченко өткөн жылдан бери Орусиянын тергөө абагында кармалып турат. Ал Луганскта орусиялык журналисттердин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелүүдө. Савченко өзүнө коюлган айыпты четке кагып, ал жикчилдердин колуна түшүп калып, Орусияга жеткирилгенин ырастап келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG