Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Ооганстандагы казак элчилиги: аскерий операцияда каза тапкан аял кыргызстандык


5-мартта Ооганстандын Забул провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн барымтадагыларды бошотуу операциясында бири каза таап, дагы бири жаракат алган аялдар кыргызстандык болгон. Бул тууралуу Казакстандын Ооганстандагы элчилигинен “Азаттыктын” казак кызматына билдиришти.

Коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда каза тапкан 50дөй адамдын 21и чет элдиктер болгону кабарланган. Согушкерлер арасындагы бир аял каза таап, дагы бири жаракат алган. Ооганстандагы казак элчилигинин өкүлүнүн 7-мартта билдиргенине караганда, жаракат алган кыргызстандык аял азыр Кандагар шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.

Ооганстанда жок кылынган согушкерлер арасында кыргызстандыктар болгон-болбогонун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да тактап жатат. Ушундай эле тактоо иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет да жүргүзүп жатканын билдирген болчу.

24-февралда Забул провинциясында беткапчан жана куралчан адамдар Кабулга бараткан эки автобустагы 30дай жүргүнчүнү барымтага алышкан. Аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Ага ылайык, 5-мартта коопсуздук күчтөрү барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын операция жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG