Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Евробиримдиктин армиясын түзүү сунушталды


Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Евробиримдикке өз алдынча армия түзүүнү сунуштады. Юнкер германиялык Welt am Sonntag гезитиндеги маегинде аскер күчтөр биримдиктен тышкары аймакта жаралган коркунучтарга каршы турууга жардам берерин билдирди. Еврокомиссия төрагасынын айтымында, армиянын түзүлүшү Орусияга Европа канчалык өз баалуулуктарын коргоого кызыкдар экенин көрсөтмөк.

Юнкер бул армия НАТОго атаандаш эмес, дүйнөдө болуп жаткан окуялар үчүн Европанын жоопкерчилигин көбөйтүү максатын гана көздөрүн кошумчалады:

- Акыркы жылдары Европанын кадыр-баркына, анын ичинде тышкы саясатына шек келтирилүүдө. Бизди олуттуу күч катары кабыл албай баратышат, - деди Юнкер.

Аналитиктер Юнкердин мындай сунушун Германия колдоого алса, соңку мезгилде евроинтеграциянын тереңдешине каршылыгын билдирип келген Улуу Британия каршы чыгышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG