Ирактын бийликтери “Ислам мамлекети” атанган топ тарабынан Хуршабаддагы байыркы маданий мурастарга кол салуу болгону тууралуу маалымат такталып жатканын билдиришти. Өлкөнүн туризм министри Адил Сирсаб айтышынча, согушкерлер Мосулга жакын жердеги тарыхый жана маданий эстеликтерди бузуп талкалап жатышат. Дагы бир аткаминердин айтуусунда жергиликтүү эл согушкерлер Хуршабаддагы эстеликтердин көпчүлүгүн уурдап кетишкенин жана тарыхый жерлерди жардырышканын кабарлашкан.
Хуршабад же Саргон чеби биздин кылымдарга чейинки 721-жылы Ассириянын жаңы борбору катары Саргон королу тарабынан курулган.
Согушкерлер буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Ирактагы эки жерди талкалашкан.