18-20-мартта Бишкектеги Кино үйүндө боло турган үчүнчү “Үмүт” форумунда кыска метраждуу жана документалдуу тасмалардын сынагы болот. Ага 12 тасма катышарын Кыргызстандын Кинематография департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуучу тасмалардын баары кыргызстандык жаш режиссерлор тарабынан тартылган. Булардын көпчүлүгү жашоо үчүн күрөш, элет жериндеги элдин турмушу чагылдырылган тасмалар.(ZKo)