“Мода индустриясы” деп аталган эл аралык көргөзмө-жармаңкеге тигүүчүлүк боюнча жабдыктар, кездемелер жана жаңы технологиялар коюлат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан “Легпром” бирикмесинен кабарлашты.
Жармаңкеге буюмдар Украина, Түркия, Орусия, Кытай, Германия, Индиядан алынып келинет. Иш-чара Спорт ордосунда 11-марттан 16-мартка чейин уланат.
Кыргызстан бир канча жылдан бери чет мамлекеттерге тигүү цехтеринде даярдалган кийим-кечени экспорт кылып келет. (SE)