Кыргызстандын Чек ара кызматынын жабдыктарын жаңылоого жана башка керектөөлөрү үчүн Орусия кайтарымсыз каражат бөлөт. Учурда тийиштүү документтер даярдалып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкарим Алимбаев билдирди:
- Өткөн жумада орусиялык бир топ адистер келип Нарын, Баткен жана Ош тараптагы чек ара пункттарына барып, абал менен таанышып келди. Алар биз үчүн кандай буюмдарды сатып алуу зарыл экени тууралуу өздөрүнүн тыянагын чыгарышат. Андан соң грант алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат.
Маалыматка ылайык, кайтарымсыз каражат үч жыл аралыгында берилиши мүмкүн.
Кыргызстан төрт өлкө - Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. (SE)