Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстандагы эшек этинин чуусун британ гезити жазып чыкты


Британиядагы абройлуу жана көп нускалуу The Guardian басылмасы Кыргызстандагы эшек этине байланышкан чуу тууралуу жазып, бул өкмөттүн отставкасына негиз болушу мүмкүндүгүн кыйытты. Ушул өңүттөгү макала мурдараак Eurasianet.org интернет басылмасына жарыяланган болчу. Анда Жогорку Кеңеш депутаттары бул окуяга байланыштуу өкмөткө сын айтканы, 15-мартка чейин териштирүүгө убакыт берилгени негиз катары көрсөтүлгөн.

Бишкектин четиндеги Манас айылындагы сарайлардын биринде “Кайтал” фирмасы эшек союп бизнес кылып жатканы тууралуу февралдын соңунда маалым болгон. Фирма ээлери 605 эшек союлганын, аны Solax trading LTD түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдап жатышканын айтып чыгышкан. Бирок Гонконгдон муну төгүндөгөн билдирүү келген. Окуя боюнча кылмыш иш козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG