Жаан-чачынга байланыштуу 13-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертет.
10-11-март күндөрү көпчүлүк аймактарга кар аралаш жамгыр жаашы мүмкүн. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-6 градуска чейин суук болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн сууктун күчү -9, Нарында -17, тоолуу райондордо -25 градуска чейин жетет. Мындай аба ырайы мал кармоодо түйшүк жаратып, айыл-чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат. Унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушуна кедерегисин тийгизет.
10-март күнү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 0…-2, күндүз -1...+1 градус болот.