Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Орусияда кыргыз жараны банктан акча уурдады деп соттолууда


Твер район аралык прокуратурасы кыргызстандык 35 жаштагы аялга “банктан ири өлчөмдө акча уурдаган” деген айып тагып, ишти сотко өткөрдү. Бул тууралуу Москва шаардык прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл 29-январда белгилүү банктардын биринде 1 миллион рубл жоголгон. Ага шектүү катары ошол банкта жыйнап-тазалоочу болуп иштеген кыргызстандык аял кармалган. Териштирүүдө ал кокустан жерге түшүп калган ири өлчөмдөгү таңгак акчаны шыпыргы менен бекитип, таштанды төгүлчү челекке салганын, андан соң таштандыны алып чыгып, акчаны өзү менен алып кеткенин айтып берген. Окуя видеокөзөмөл тасмасына жазылып калган. Шектүү 2-февралда колго түшкөн.

Прокуратура акча жоголгон күндөрү соттолуучу айым Кыргызстандагы жакындарына көп суммада акча жөнөткөнүн да аныктаган. (SE)

XS
SM
MD
LG